Биз менен байланышыңыз

Архивдик документтер: Эгемендик жана көз карандысыздык жөнүндө декларациялар

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 393 | 0

31-августта Кыргызстан эгемендик алып, көз карандысыз мамлекет катары жашап жатканына 30 толот.

Кыргызстандын көз карандысыздыкка жетишиндеги эки маанилүү документ бар. Алардын бири 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын эгемендиги жөнүндө декларация болсо, кийинкиси 1991-жылдын 31-августтунда кабыл алынган өлкөнүн көз карандысыздыгы жөнүндө декларация болуп саналат.

Биринчи кабыл алынган документ 15 беренеден турат. Эгемендик декларациясына ылайык, 1991-жылдын 31-августунда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алган. Эки документке тең «легендарлуу» парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов кол койгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM