Биз менен байланышыңыз

Суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, рекорд койду (сүрөт, видео)

Кыска кабар , Спорт | 27 Авг 2021 | 1079 | 0

Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүү үчүн 22-августта (саат 07:30да) Караколдон Балыкчыны көздөй чыккан кыргызстандык суучул Владислав Шулико бүгүн, 27-августта (саат 15:26да) батыш жээкке жетти.

Анын жээкке сүзүп келгени социалдык тармактарда түз эфирде көрсөтүлдү. Суучулду жээкте жоон топ эл тосуп алып, Владислав Шулико суудан чыккандан кийин ага калпак кийгизишти.

Белгилей кетсек, Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан — 180 чакырымды сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд жаратууну пландап жаткан. Аны биринчи күндөн бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп жүрдү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM