Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү: «Сары-Өзөн» командасы «Кара-Буураны», «Ала-Тоо» командасы «Жаш-Күчтү» жеңди

Кыска кабар , Спорт | 27 Авг 2021 | 369 | 0

Бүгүн, 27-августта көк бөрү боюнча Президенттин Кубогу мелдешинде Жогорку лигадагы командалардын экинчи күндөгү оюндары болуп өттү.

Бүгүн А тайпасында «Кара-Буура» менен «Сары-Өзөн» жана В тайпасында «Жаш-Күч» менен «Ала-Тоо» ойноду.

«Кара-Буура» менен «Сары-Өзөндүн» оюнунда Чүйдүн улакчылары атаандаштарын 10:1 эсебинде жеңип алды. Ал эми «Жаш-Күч» командасы «Ала-Тоого» 3:8 эсебинде утулду.

Белгилей кетсек, Жогорку лиганын 26-августта өткөн биринчи күндөгү беттештеринде «Ынтымак» командасы «Ала-Тоону» (3:2), ал эми «Достук» командасы «Кара-Буураны» (5:1) жеңген.

Эми эртең, 28-августта  А тайпасында «Достук» менен «Сары-Өзөн» жана В тайпасында «Жаш-Күч» менен «Ынтымак» ойнойт. Өз тайпасында биринчи орун алган командалар финалда ойносо, экинчи орун алгандар коло байге үчүн күч сынашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM