Биз менен байланышыңыз

Темирлан Султанбековго кол салуу боюнча иш козголду

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 564 | 0

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго кол салуу боюнча «ээнбаштык» беренеси менен иш ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Аталган ишти иликтөө үчүн тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

Мындан мурдараак Темирлан Султанбеков социалдык тармактарга 26-август күнү болжол менен саат 01:30да анын унаасына белгисиз бирөө (божомол боюнча) травматикалык тапанчадан ок атканы тууралуу жазган.

Милициядан белгилешкендей, аталган окуя боюнча Султанбеков Аламүдүн райондук милициясына 26-августта саат 18:30дарда кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен иш козголгон.

Султанбековдун айтымы боюнча, 26-август түнү ал айдоочусу менен Кой-Таштагы көчөлөрдүн биринде түштүк тарапты көздөй баратып, уктап кеткен. Андан кийин катуу үндөн ойгонгон – үн ал отурган арткы оң капталдагы айнек жактан чыккан. Алар унааны токтотпостон, катуу ылдамдык менен жүрүп кетишкен. Кийин токтогондон кийин каптал айнек сынганын көрүшкөн.

Султанбеков менен айдоочусы жаракат албагандыктан соттук-медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан.

Учурда тиешелүү экспертизалар белгиленген.

Белгилей кетсек, Темирлан Султанбеков аталган окуяны өзүнүн өмүрүнө кол салуу эмес, коркутуу же эскертүү берүү үчүн жасалган деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM