Биз менен байланышыңыз

Жапаров аскердик кампадагы жарылууга байланыштуу Токаевге көңүл айтты

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 307 | 0

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көнүл айтты.

«Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалайм. Орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-августта кечинде Жамбыл облусундагы аскер бөлүктөрүнүн бириндегы инженердик ок-дарылар (жардыруучу заттар) сакталган кампада өрт чыгып, жарылуу болгон. Анын айынан 4 аскер кызматкери каза болуп, 70ке жакын адам жаракат алган. Дайынсыз жоголгондор да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM