Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы жарылуу: Коргоо министри кызматтан кетүү чечимин кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 1144 | 0

Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын «Азаттыктын» казак кызматынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Учурдагы башкы максатым: кырсыктын кесепеттерин жоюу. Ушул кабарды уккан алгачкы мүнөттө эле «отставка сурайм» деген чечим кабыл алгам. Абал тынчыгандан кийин отставка сурайм. Калганын жогорку жак чечет», — деди Нурлан Ермекбаев.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-август саат 19:00 чамасында Казакстандын Жамбыл облусундагы аскердик кампадан өрт чыгып, жарылуу болгон. Өрттү өчүрүү учурунда 4 аскер кызматкери каза болуп, 66 адам (Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин кызматкерлери жана жай тургундар) ар кандай жаракат алган. Андан тышкары бир нече адам дайынсыз жоголгон.

Эске салсак, 2019-жылы Түркстан облусунун Арыс шаарындагы аскердик кампада жарылуу болуп, анда да 4 аскер каза таап, 50дөн ашуун адам ар кандай жаракат алган.

Мындан улам Казакстан тургундары коргоо министри Нурлан Ермекбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM