Биз менен байланышыңыз

Баткен менен Лейлектин ишкерлерин колдоо программасына катышыңыздар

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 431 | 0

«Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада жашаган ишкерлердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» программасы старт алды.

Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин каржылык колдоосу жана JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси менен Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ) «Чакан жана орто ишканаларды колдоо менен экономиканын калыбына келишине көмөктөшүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Программанын максаты Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарда жашаган ишкерлерине каржылык эмес колдоолорду көрсөтүү аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

Программага  Баткен  жана Лейлек районунун төмөнкү ишкерлери катыша алат:

— 3 күндүк ишкердик боюнча окууга жана долбоор талап кылган шарттарды аткарууга даяр болгон;

— Туруктуу ишкердиги же күнүмдүк жашоосуна жетерлик өндүрүмү бар;

— Ишмердиги каржылык эмес (өндүрүштү кеңейтүү, кошумча жабдыктарды жана материалдарды сатып алуу) гранттык колдоого муктаж болгон;

— Турмуштук/экономикалык кыйын абалдагы аялдар.

Тандоодо биринчи кезекте социалдык багыттагы ишкердикке, турмуштук оор кырдаалда жашаган аялдарга, ошондой эле экспортко багытталган бизнеске артыкчылык берилет.

Тандалган  катышуучулар:

— Ишкердик, бизнести пландаштыруу, каржылык менеджмент, маркетинг, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алдыга жылдыруу боюнча окуулардан өтүшөт;

— Окуунун акыркы күнү бизнес долбоорлорун жазып, аны тааныштырат;

— Келишимдин бүтүү мөөнөтү ичинде ИКБнын эксперттеринен консультациялык жана ар тараптуу колдоо алып турат. Ошондой эле долбоордун алкагында 1 жылга чейин мониторинг жүргүзүлөт;

— Өз ишин өнүктүрүүгө керектүү жабдууларды, материалдарды же шаймандарды сатып ала алат;

— Ишкердикти баштоо/жүргүзүү үчүн жабдуулар жана/же материалдар түрүндөгү грант ала алат;

— Гранттар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан сатып алуулар процедуралары аяктоосуна карап берилет;

— Каржылык эмес колдоо/гранттын максималдуу суммасы 1 миң еврого чейин;

— Программага катышуу үчүн анкетада ишенимдүү маалыматтар камтылышы керек. Долбоорлор башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга багытталбашы керек;

— Конкурска берилген документтер жана материалдар программанын катышуучуларына кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Арыздарды кабыл алуу тартиби жана программага катышуу шарттары:

Программага катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу арыз толтуруп, аны 2021-жылдын 1-сентябры саат 23:00гө чейин тапшыруу керек.

Программага катышуу акысыз.

Суроолор боюнча ИКБнын Баткен облусундагы бизнес-консультантына жумуш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин кайрылууга болот:

Турдуев Дастан Токсонович – 0774 68 86 86

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM