Биз менен байланышыңыз

Эмомали Рахмон октябрь айында Францияга барат

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 426 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон октябрь айында Францияга барат. Бул тууралуу Франция президентинин администрациясынын эки өлкө башчысынын телефондук сүйлөшүүсү тууралуу тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Рахмонду Францияга келип кетүүгө Франциянын президенти Эммануэль Макрон чакырган.

«Өлкө президенти Эмомали Рахмонду Францияга келүүгө чакырды. Ал аны 13-октябрда кабыл алат», — деп айтылат билдирүүдө.

Телефондук сүйлөшүүдө Рахмон менен Макрон эки өлкө алакасын, Ооганстандагы кырдаалды, ооган качкындары менен байланышкан маселени талкуулаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM