Биз менен байланышыңыз

Президенттин Кубогу: «Ынтымактын» улакчылары «Ала-Тоо» командасын жеңип алды

Кыска кабар , Спорт | 26 Авг 2021 | 613 | 0

Бүгүн, 26-августта көк бөрү боюнча Президенттин Кубогу мелдешинде Жогорку лигада ойногон «Ынтымак» командасы «Ала-Тоону» 3:2 эсебинде жеңип алды.

В тайпасында ойногон бул эки команда оюнду тең тайлаша өткөрдү. Бирок оюндун биринчи жана экинчи бөлүгүндө «Ала-Тоо» командасы алдыга чыгып жатты.

Биринчи бөлүктө алгачкы улакты «Ала-Тоо» таштады. Андан кийин «Ынтымак» эсепти теңеди. Экинчи бөлүктө да «Ала-Тоо» атаандашынын тайказанына бир улак таштап, алдыга озду. «Ынтымактын» оюнчулары эсепти экинчи бөлүктүн соңку секундаларында гана теңей алды. Соңку бөлүктө «Ынтымак» бир улак таштап, эсеп 3:2 болду. Ошону менен эсеп өзгөргөн жок.

Белгилей кетсек, буга чейин А тайпасында «Достук» командасы «Кара-Буураны» 5:1 эсебинде жеңген.

Көк бөрү боюнча оюндар Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Жогорку лигадагы командалардын оюндары бүгүн, 26-августта башталды. Жогорку лигада 6 команда ойноп жатат: А тайпасында «Достук», «Кара-Буура», «Сары-Өзөн» жана В тайпасында «Ынтымак», «Жаш-Күч», «Ала-Тоо».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM