Биз менен байланышыңыз

Бишкектин жаңы башчысы программасын үч айда даярдайт (видео)

Саясат | 26 Авг 2021 | 1176 | 0

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэрди шайлоо үчүн жыйынга чогулушту. Бишкек шаарынын мэри кызматына көпчүлүк коалиция жана Министрлер кабинети жалгыз гана Айбек Жунушалиевди талапкер катары сунуштаган.

Алгач депутаттар Айбек Жунушалиевдин кыскача программасын жана шаарды өнүктүрүү үчүн алдыга койгон негизги максаттарын угуп, бир катар маселелер боюнча суроо узатышты.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Бахадыр Коңуров 45 депутаттын 43ү Айбек Жунушалиевдин кызматка дайындалуусуна «макул» добуш бергенин жарыялады.

«Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигин 45 депутаттын ичинен 43ү колдоп добуш берген. Анын негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу түзүлүп, Айбек Жунушалиев мэр болуп шайланды. Протокол Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан Боррбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт. Андан соң расмий сайтына жарыялангандан кийин күчүнө кирет». 

Бишкек шаарынын жаңы дайындалган мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүү боюнча так программасы жоктугун, аны 3 ай аралыгында, тагыраак айтканда, ноябрь айына чейин даярдай турганын айтты. Ошондой эле ал өзүнүн программасын түзүүдө Бишкек шаардык кеңешине өтпөй калган партиялардын да сунуш-пикирлерин эске аларын кошумчалады.

Мындан сырткары ал бүгүнкү күндө ар бир чечим учурдагы кадр саясатына ылайык кабыл алынып жатканын, өзү ал чечимди аткарганын белгиледи.

«Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын талабы боюнча шаардын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгуу үчүн үч ай берилет. Ушул убакыт ичинде биз шаардыктардын, шаардык кеңештин, бизнес чөйрөнүн жана бардык социалдык топтордун сунуштарын карап чыгууга үлгүрүшүбүз зарыл. Борбор шаарыбызды өнүктүрүүгө багытталган алгылыктуу идеяларды эске алуу менен Бишкек шаарын жакынкы төрт жылда өнүктүрүү боюнча программаны ноябрь айынын аягына чейин сиздердин карооңуздарга киргизебиз». 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов калаа башчысына программасын иштеп чыгуу үчүн үч ай көптүк кыларын эскертип, кыска убакытта иштеп чыгуу сунушун берди.

«10 айдан бери Бишкек шаарында туруктуу мэр жок болгондугуна байланыштуу шаардык мэр программасын эң кеч дегенде 2 айдын ичинде сунушташы керек. Ошол эле структура боюнча, ошол эле программа боюнча депутаттарда жакшы ойлор бар. Шаардык кеңешке шайлоодо ар бир депутат өзүнүн программасы менен чыккан. Менин оюмча, ошол программалардын баарын топтоп, бир сыйра карап чыкса, мыкты программа түзүлөт. Биз үч ай күтө албайбыз, ага бизде убакыт жок».

Эске салсак, Айбек Жунушалиев 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейин ал Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM