Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү: «Достук» командасы «Кара-Буураны» жеңип алды

Кыска кабар , Спорт | 26 Авг 2021 | 685 | 0

Бүгүн, 26-августта көк бөрү боюнча Президенттин Кубогу мелдешинде Жогорку лигада ойногон «Достук» командасы «Кара-Буураны» жеңип алды.

Оюнда «Достук» атаандаштарынын тайказанына 5 улак, ал эми «Кара-Буура» 1 улак таштады. «Достук» командасы бул жеңиши менен 3 упайга ээ болду. Эми алар 28-августта «Сары-Өзөн» менен ойнойт. Ал эми эртең, 27-августта «Сары-Өзөн» менен «Кара-Бууранын» оюну өтөт.

Көк бөрү боюнча оюндар Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Жогорку лигадагы командалардын оюндары бүгүн, 26-августта башталды.

Белгилей кетсек, Жогорку лигада 6 команда ойнойт. 25-августта чүчүкулак тартылып, «Достук», «Кара-Буура», «Сары-Өзөн» А тайпасына жана «Ынтымак», «Жаш-Күч», «Ала-Тоо» В тайпасына түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM