Биз менен байланышыңыз

Сурамжылоо: Жапаровго элдин 32%ы, Ташиевге 24%ы ишеним артат

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 879 | 0

Кыргызстанда калктын 32%ы президент Садыр Жапаровго ишенет. Бул туууралуу Эл аралык республикалык институт (IRI) жарыялаган сурамжылоонун жыйынтыгында айтылат.

Сурамжылоо 6-16-июль күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жана андан улуу курактагы 1 миң 211 адам катышкан. Анда башка суроолор менен катар: «Кайсы саясатчыга же коомдук ишмерге ишенесиз?» — деген суроо узатылган.

Сурамжылоого катышкандардын 32%ы Садыр Жапаровго, 24%ы Камчыбек Ташиевге, 9%ы Нуржигит Кадырбековго жана жана 6%ы Адахан Мадумаровго ишенерин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM