Биз менен байланышыңыз

Миграция: Кыргызстанда 84 миңге жакын бала ата-энесинен узакта жашайт

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 346 | 0

Кыргызстанда 84 миңге жакын бала ата-энеси чет жерде иштегендиктен алардан узакта жашайт. Бул тууралуу эмгек мигранттарын колдоо жана дайынсыз жоголгон мекендештерди издөө маселелери боюнча жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

Отурумда чет жерде иштеген мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, кыргыз диаспоралары менен иштешүү сыяктуу бир катар маселелер каралган.

«Бүгүнкү күнү 84 миңге жакын бала ата-энесинен алыс жашайт. Тилекке каршы, эмгек мигранттарынын балдары зордук-зомбулукка кабылган учурлар болууда», — деди ал.

Өкмөт эмгек мигранттарынын балдарынын кароо, укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурарын белгилейт.

Белгилей кетсек, чет жерлерде 1 миллиондон ашык кыргызстандык иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM