Биз менен байланышыңыз

Депутат Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болду

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 622 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаарына мэр болуп шайланды.

Бүгүн, 26-августта Токмок шаардык кеңешинде мэр шайлоо болуп өтүп, анда калаа башчылыкка көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Урмат Самаев менен азчылыктын атынан чыккан Азат Кубатбек уулу талапкер болгон.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Самаев 19 добушка ээ болуп, мэр болуп шайланды. Азат Кубатбек уулу 11 добуш алган.

Эскерте кетсек, бүгүн Токмоктон тышкары Бишкек менен Ошто мэрлерди шайлоо өттү. Бишкекке Айбек Жунушалиев, ал эми Ошко Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM