Биз менен байланышыңыз

Транспорттук прокуратура: Акыркы жарым жылда 197 билдирүү катталды

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 271 | 0

Транспорттук прокуратура акыркы жарым жылда жасаган иши тууралуу маалымат таратты.

Жарым жыл ичинде аталган мекеменин маалыматтарды каттоо китебине 197 билдирүү тиркелген. Анын ичинен 142 билдирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 27 билдирүү ченемдик материалдар базасына, 1 билдирүү Бузуулар жөнүндө реестрге, 4 билдирүү башка электрондук китепке катталган.

«6 айда прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган бардык сотко чейинки өндүрүш иштеринин ар бирин окуп чыгууга жана прокурордук көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурулуп, иштер аягына чейин жеткирилип, мыйзамдуу чечим кабыл алынуусуна басым жасалган. Жарым жылда прокурордук көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында, ИИМдин тергөөчүлөрүнүн жана алгачкы текшерүү органдарынын өкүлдөрүнүн өндүрүштөрүндө болгон ар бир ишин, акыркы процессуалдык чечим кабыл алуусунун натыйжасында кылмыштар жана жоруктар бириктилип, жалпысынан 115 иш боюнча чечим кабыл алынган (83 кылмыш жана 32 жорук). Анын ичинен 95 иш кыскартылган (66 кылмыш жана 29 жорук), 20 иш соттук кароого жиберилген (17 кылмыш жана 3 жорук)», — деп айтылат маалыматта.

Транспорттук прокуратуранын өкүлүнүн катышуусу менен биринчи инстанциядагы соттор тарабынан жалпысынан 16 адамга карата 14 сотко чейинки өндүрүш иши каралган. Жоруктар жөнүндөгү сотко чейинки өндүрүш иштери каралган эмес. Ал эми апелляциялык инстанцияда 17 адамга карата 17 кылмыш иши каралган.

Булардан тышкары маалыматтарды каттоо китебине тиркелген 28 кылмыштын 13ү бирдиктүү реестрге катталып, 15 материал номенклатуралык иш үчүн сакталган. Айтылган 13 кылмыш Башкы прокуратурага тергөөгө жөнөтүлгөн. Алар:

  • кызматтык абалынан кыянат пайдалануу — 8;
  • коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу — 2;
  • мүлктү ыйгарып алуу — 1;
  • кызматтагы көз боёмочулук — 1;
  • жасалма документ жасоо — 1.

Мунун ичинен 11 кылмышты Башкы прокуратура ишти андан ары улантуу үчүн Транспорттук прокуратурага жана Транспорттук ички иштер башкармалыгына кайтарып берген. Кайра каралган 2 кылмыш кыскартылып, 9 кылмыш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM