Биз менен байланышыңыз

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 395 | 0

Бүгүн, 26-августта Ош шаардык кеңешинде калаа башчысын шайлоо өтүп, анда Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды.

Мамбетов мэр кызматына жалгыз талапкер болуп, аны 43 депутат колдогон. Эки депутат каршы добуш берген.

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2-августта дайындалган.

Ал 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. Андан кийин 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2020-2021-жылы президенттин иш башкармалыгынын төрагасы кызматтарын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM