Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык паралимпиадачылар жарышка чыга турган күндөр белгилүү болду

Кыска кабар , Спорт | 25 Авг 2021 | 905 | 0

Токиодо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар жарышка чыга турган күндөр белгилүү болду.

Бул оюндарга Кыргызстандан эки спортчу — пара-жеңил атлетика боюнча (чоюн ыргытуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограмм салмакта Хайитхон Хусан кызы лицензия алган.

Биринчи болуп жарышка Хайитхон Хусан кызы чыгат. 28-августта ал биринчи беттешинде казакстандык Даяна Федосова менен күрөшөт.

Ал эми Арыстанбек Базаркулов 4-сентябрда күчүн сынайт.

Эскерте кетсек, Токиодогу Паралимпиада оюндары 24-августта башталган. Ал 5-сентябрда аяктайт.

Быйылкы Паралимпиада оюндарынын программасына тхэквондо менен бадминтон да кошулуп, жалпысынан спорттун 22 түрү кирген. Бул оюндарга 162 улуттук команда, анын ичинде качкындар курамасы катышууда. Токиодогу Паралимпиадада 4 миң 400 спортчу күчүн сынайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM