Биз менен байланышыңыз

Пакистандагы элчи өлкөнүн медициналык окуу жайларын «кара тизмеден» чыгаруу маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 243 | 0

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана экономикалык кызматташтык уюму департаментинин директору Акса Наваз менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн алакасы, анын ичинде Кыргызстан менен Пакистандын соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосунда иш сапарларды уюштуруу маселеси талкууланган.

Андан тышкары Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларын Пакистандын медициналык комиссиясынын «кара тизмесинен» чыгаруу маселеси каралган.

Кыргызстандын элчиси Кыргызстандагы ички саясий кырдаал турукташканы, өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, Кыргызстан Пакистан менен туруктуу аба каттамдарды жандандырууга кызыкдар экенин белгилеген.

Акса Наваз Пакистан Кыргызстан менен эки тараптуу алаканы арттырууга даяр экенин белгилеп, биргелешкен жол-логистикалык долбоорлор боюнча иш алып баруу маселесин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM