Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Кыргызстанга келген пакистандыктар өз өлкөсүндө COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 453 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөгө келип жаткан пакистандык жарандар боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстанга келип жаткан пакистандык жарандардын баары өз өлкөсүндө Sinopharm, AstraZeneca, Pfizer же «Спутник-V» вакциналары менен эмдөөдөн өтүшкөн. Бул маалыматты Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги да ырастаган.

Ошондой эле коронавирустун сырттан киришин алдын алуу жадыбалына ылайык, өлкөгө келип жаткан чет элдиктер, анын ичинде Пакистандын жарандары акыркы 3 күндүн ичинде жасалган ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтөт.

«Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сырттан келген чет элдиктер, анын ичинде Пакистандын жарандары өлкөгө кирүү үчүн текшерүүдөн өтөт. Кокус оорунун белгилери болгон учурда алар обочолонуп, медициналык мекемелерге жөнөтүлөт. Кыргызстанда ооруга чалдыккандардын ичинен 1%ы гана сырттан келгендер», — деп билдирет министрлик.

«Кыргызстанга Пакистандын 25-35 жаштагы  жарандары келип жатат» деген маалымат боюнча, министрлик алар эмгекке жарамдуу жаштагылар экенин жана Кыргызстан аркылуу Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабияга кетип жатканын билдирет.

ТИМ Кыргызстанга күмөндүү адамдар кирип кетпеши үчүн пакистандыктарга виза берүү алдында алар улуттук коопсуздук органдары аркылуу текшерилерин белгиледи.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда Ооганстандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Чектөө дипломатиялык жана кызматтык визаларга (дипломаттарга жана расмий делегациялардын мүчөлөрүнө) тиешелүү эмес.

ТИМ: 1,5 айдан ашык убакытта 7,5 миң пакистандык жаранга виза берилди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM