Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Экономикалык дипломатия боюнча консультативдик топтун отуруму болуп өттү

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 206 | 0

Кечээ, 24-августта министр Руслан Казакбаевдин төрагалыгы астында Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Экономикалык дипломатия боюнча консультативдик топтун отуруму болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жыйынга өлкөдөгү 20га жакын бизнес-ассоциациянын жетекчилиги жана өкүлдөрү, Экономика жана финансы, Инвестициялар, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрликтеринин, Туризм департаментинин жетекчилеринин орун басарлары жана өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу Кыргызстандын тышкы экономикалык кызыкчылыктарын эл аралык аренада алдыга жылдыруу жана коргоо үчүн өлкөнүн бизнес чөйрөсү менен тармактык мекемелердин ортосундагы диалогду жана өз ара кызматташууну өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер талкууланган.

Жыйында бизнес өкүлдөрү ТИМ жана башка мамлекеттик органдарга экспорт, бирдиктүү өнүктүрүү банкын түзүү, альтернативдүү логистикалык багыттарды өнүктүрүү, чет мамлекеттер менен экономика тармагында макулдашуу түзүү ж.б. боюнча суроо берип, өз сунуштарын айткан. Ошондой эле, алар бизнес-ассоциацияларга министрлик тарабынан колдоо зарыл экенин белгилеген.

Казакбаев министрлик Кыргызстандын бизнеси менен чет элдик өнөктөштөр ортосунда көпүрө болууга даяр экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM