Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү боюнча Президенттин Кубогуна катышуу үчүн Өзбекстандын командасы келди

Кыска кабар , Спорт | 25 Авг 2021 | 636 | 0

Бүгүн, 24-августта көк бөрү боюнча Президенттин Кубогуна катышуу үчүн Өзбекстандын командасы келди. Бул тууралуу Кыргызстандын «Көк-Бөрү» федерациясынан билдиришти.

Өзбекстандын командасын «Улок купкари» федерациясынын башкы катчысы Равшан Адхамов жетектеп келген. Аларды «Манас» аэропортунан «Көк-Бөрү» федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков жана анын Ош облусу боюнча орун басары Абди Исаков тосуп алган.

Көк бөрү оюндары Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM