Биз менен байланышыңыз

Лавров: Орусия АКШ аскерлеринин Борбор Азияда жайгашышын каалабайт

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 1284 | 0

Орусия АКШ аскерлеринин Борбор Азия мамлекеттеринде жайгашышын каалабайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Маалымат жыйында ага: «Орусия АКШ аскерлеринин Борбор Азияда болушун каалайбы?» — деген суроо узатылды.

«Жок, мен сиздерге ачык түшүндүрүп берейин. Биринчиден, биздин коопсуздук аймагыбыз бир. Ал боюнча өзүбүзчө милдеттерибиз бар. Мен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмун айтып жатам. Ал боюнча чет элдик аскер күчтөрүнүн өз аймагында жайгаштыруу үчүн бардык уюмдаш мамлекеттердин макулдугу керек», — деген ал.

Лавровдун айтымында, АКШ Борбор Азияга аскер күчтөрүн жайгаштырса, керек учурда Ооганстанга сокку жасап турат. Ал эми Американын аскерлери жайгашкан мамлекет бутага айланат.

«Эгер сиздер Борбор Азиядагыбы же башка мамлекетпи АКШ өз демилгесин ишке ашыруу үчүн бута болуп берүүгө кызыкдар деп ойлосоңор, мен ал нерсе кимдир бирөөгө керектигине күмөнүм бар», — деген ал.

Белгилей кетсек, буга чейин The Wall Street Journal жеке булактарына таянып, Женевада өткөн июнь айындагы жолугушуусунда АКШ президенти Жо Байден орусиялык кесиптеши Владимир Путинге аскер күчтөрүн Ооганстандан чыгаргандан кийин Борбор Азия мамлекеттеринде жайгаштыруу өтүнүчү менен кайрылганын жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM