Биз менен байланышыңыз

Нарында «Кыргыз Шырдагы», «Оймо» жана «Манас» фестивалдары өтүүдө

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 680 | 0

Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Нарын шаарында «Кыргыз Шырдагы X», «Оймо» жана «Манас» фестивалдары өтүүдө. Бүгүн, 24-августта башталган фестивалдар эртең, 25-августта уланат.

Иш-чарага Кыргызстандын жети облусунан жана Казакстан менен Өзбекстандан жалпы 500 кол өнөрчү келген.

Фестивалдын алкагында улуттук стилдеги эң мыкты шырдакка жана «Заманбап», «Мурас» шырдакка акчалай байгелер каралган. Байге фонду 300 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, «Манас» фестивалы манасчы жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM