Connect with us

Аскар Акаевдин Москвадагы 1 млрд рублге бааланган батирин ырчы Киркоров сатып алган

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 381 | 0

Орусиялык ырчы Филипп Киркоров Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин Москвадагы батирин сатып алган. Бул тууралуу «Новый век» Telegram-каналы жазды.

Аянты 537 чарчы метр болгон эки кабаттуу пентхаус Арбат районундагы «Филипповский» турак жай комплексинде жайгашкан. Анын баасы дээрлик 1 млрд рублга бааланат. Бирок Киркоров аны канча акчага сатып алганы белгисиз.

Орусиянын каттоо кызматынын маалыматы боюнча, батир былтыр 31-декабрда сатылган.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып, Москвага кеткен. Андан бери Москвада жашап келе жаткан Акаев быйыл август айынын башында «Кумтөр» иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Кыргызстанга келген. Ал бийлик менен сүйлөшүп, кепилдик алып келгендиктен камакка алынган жок. Кыргызстанда бир жумага жакын убакыт болуп, кайра Москвага кайтып кетти.

Орусиянын каттоо кызматынан алынган документ

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM