Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея: Бороондон улам 10 миңден ашуун адам үй-жайын таштап кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 589 | 0

Кечээ, 23-августта Түштүк Кореяда «Омаис» бороонунан улам 10 миңден ашуун адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү бийлиги билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Түштүк Кореянын Кырсык менен күрөшүү жана коопсуздукту сактоо борбордук штабынын билдирүүсүнө караганда, бороон-чапкын өлкөнүн Улсан, Тонгён, Сачхон, Пусан шаарларында болгон. Улсан, Пусан шаарларындагы 217 үй электр жарыгысыз калган. Бороондон улам жер көчкү жүрүшү мүмкүн делген Чолла-Намдо провинциясынын 10 миңден ашуун тургуну үй-жайын таштап, коопсуз аймактарга чыгып кетишкен.

Адам өлүмүнүн алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик Чолла-Намдо жана Кёнсан-Намдо провинциясына унаа каттамдарын жана ушул провинциялар аркылуу өткөн «Кванчжу-Мильян» темир жол каттамын убактылуу токтоткон. Андан тышкары 18 улуттук парк жабылып, 86 аба каттам, 70 деңиз каттам, 450 туристтик саякат артка кайтарылган.

Борбордук штабдын бүгүн, 24-августка карата берген маалыматы боюнча, бороон-чапкын токтогон, бирок алдыда кара нөшөр болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM