Биз менен байланышыңыз

Путин Батыштын ооган качкындарын Борбор Азияга убактылуу жайгаштыруу сунушун сынга алды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 1329 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Батыш мамлекеттеринин ооган качкындарын Европа жана АКШга виза алганга чейин Борбор Азия мамлекеттерине убактылуу жайгаштыруу сунушуна каршы болуп, аны сынга алды. Бул тууралуу ал «Бирдиктүү Орусия» партиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

«Демек, ал мамлекеттерге, биздин коңшуларга визасыз жөнөтсө болот экен да, өздөрүнө визасыз киргизгиси келбейби? Бул эмне деген кемсинтүүчү мамиле?!» — деди ал.

Белгилей кетсек, Ооганстанда «Талибан» кыймылы (Кыргызстан жана башка мамлекеттерде террордук деп таанылып, тыюу салынган уюм) дээрлик бүтүндөй өлкөнү басып алды. Мурда эл аралык коалиция менен иштешкен, өкмөттө иштеген адамдар өз өмүрүнө кооптонуп, өлкөдөн чыгууну каалап жатат. Учурда АКШ, Европадагы бир нече мамлекет ооган качкындарын кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM