Биз менен байланышыңыз

Нарында 8-сентябрда II «Ийгиликке кадам» медиафоруму өтөт

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 484 | 0

8-9-сентябрда Нарын шаарында II «Ийгиликке кадам» медиафоруму өтөт. Анын жүрүшүндө аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болот. Бул иш-чарага республиканын бардык аймактарынан кыргыз тилдүү журналисттер менен медиа тармагы боюнча адистер катышат.

«Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатын көздөгөн республикалык иш-чара болуп эсептелет. Өткөрүү демилгеси «Журналисттер» коомдук бирикмесине таандык.

Медиафорум ар эки жылда бир жолу облустардын биринде өткөрүлүп турат. I медиафорум 2019-жылы Ош шаарында өткөрүлүп, ал өлкөбүздүн ийгиликтүү медиалары иш тажрыйбасын көрсөтүп берген.

II Медиафорумдун өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүүдө.

Медиафорум «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирде чагылдырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM