Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Кыска кабар , Спорт | 23 Авг 2021 | 1502 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Бүгүн, 23-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Олимпиада оюндарында байге алган спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына мамлекеттик жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземи өтүп жатат.

Тыныбекова мамлекеттик сыйлык менен бирге 10 млн сом акчалай сыйлык жана унаа белек кылынды.

«Мен Олимпиада оюндарына алган байгемди өлкөбүздүн эгемендигинин 30 жылдыгына арнайм. Парижде боло турган Олимпиада оюндарына катышам. Олимпиада оюндарында алтын алуу үчүн бүткүл күчүмдү жумшайм», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM