Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык жаш балбандар Дүйнө чемпионатында 1 күмүш, 3 коло утту

Кыска кабар , Спорт | 22 Авг 2021 | 497 | 0

Кыргызстандык балбандар Уфа шаарында (Орусия) өткөн жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында 1 күмүш, 3 коло утту.

Бул чемпионатта килем үстүнө биринчилерден болуп эркин күрөш боюнча балбандар чыгышты. Эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмакта Мухаммад Абдуллаев гана байге ала алды. Ал коло медаль тагынды.

Андан кийин кыз-келиндердин күрөшү өттү. 55 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы күмүш утса, 57 килограмм салмакта Сезим Жуманазарова коло байге алды.

Ал эми грек-рим балбандары арасында 55 килограмм салмакта күрөшкөн Акыйкат Кулжигит уулу коло медаль утту.

Белгилей кетсек, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өттү. 16-августта башталган чемпионат бүгүн, 22-августта жыйынтыкталды.

Мухаммад Абдуллаев

Калмира Билимбек кызы

Сезим Жуманазарова

Акыйкат Кулжигит уулу

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM