Биз менен байланышыңыз

«Талибандын» башында турган беш адам

Блог | 22 Авг 2021 | 1647 | 0

Ооганстанда «Талибан» кыймылы (Кыргызстан жана башка мамлекеттерде террордук уюм деп таанылып, тыюу салынган) өлкөнү басып алды. Эми алар «Ислам эмиратын» курууну көздөп жатат. Талибан курган өкмөткө кимдер кирери азырынча белгилүү болбогону менен уюмдун башында турган адамдар тууралуу аздыр-көптүр маалыматтар бар.

1. Хайбатулла Ахундзада 

Молдо Омар (2013-жылы каза болгон деп айтылат) жана Ахтар Мансурдан (2016-жылы өлтүрүлгөн) кийинки талибдердин үчүнчү башчысы. Азыркы ордуна 2016-жылдын май айында келген. Аскер башчы эмес, дин башчы катары айтылат.

Ахундзада өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясында төрөлгөн. Такталбаган маалыматтар боюнча 1961-жылы туулган. Анын атасы айылдык имам болгон.

Хайбатулла Ахундзада

1980-жылдары совет аскерлерине каршы күрөшкөн кошуундун катарына кошулган. Бирок куралдуу салгылаштарга катышкан эмес.

Андан кийин үй-бүлөсү менен Пакистанга көчүп кеткен. Кветта шаарында жайланышып, ал жактан медресеге окууга тапшырган.

1994-жылы молдо Омар жана анын үч тарапташы түптөгөн «Талибан» кыймылынын катарына кошулган.

Талибдер 1996-2001-жылдары бийликте турган мезгилде шарият сотторунун бирин жетектеген. Ал убакта талибдер элге телевидение, кино, музыка, косметика, спортту жана 10 жаштан өткөн кыздарга мектепке барууну тыюу салган. Шарият мыйзамдарын бузгандарга ташбараңга алуу, колун кесүү, камчы менен сабоо сыяктуу жазалар колдонулган.

Ахундзада кандай өкүмдөрдү чыгарганы тууралуу так маалымат жок.

Талибдердин башчысы элге көп чыга бербейт жана билдирүүлөрдү көп жасабайт. Талибдер арасында консерватор адам катары белгилүү.

Август айынын башында Талибандын өкүлү Забихулла Мужахид Ахундзада кыймылдын башчысы экенин ырастаган.

2. Абдул Гани Барадар

Ахундзаданын саясий иштер боюнча орун басары. «Талибанды» түптөгөн төрт адамдын бирөөсү. Башкы дипломат жана кыймылдын элге чыгып сүйлөгөн адамы.

Талибдердин жеңиши тууралуу расмий билдирүүнү дал ушул киши жасаган.

Абдул Гани Барадар

1968-жылы Ооганстандын борборундагы Урузган провинциясында төрөлгөн. Совет аскерлерине каршылык көрсөтүүгө катышкан. Ошол мезгилде молдо Омар менен таанышканы айтылат. Советтик аскерлер өлкөдөн чыккандан кийин Кандагарда медресе ачкан. Талибдер өлкөнү башкарып турганда коргоо министринин орун басары кызматын ээлеген.

Андан кийин, айрым маалыматтар боюнча, согуштук жана террордук иштерди пландоо жана аларды каржылоо маселесинде башкы орундарда турган.

2010-жылдын февраль айында Америка менен Пакистандын Карачидеги биргелешкен операциясында колго түшүрүлгөн. Сегиз жыл пакистандык түрмөдө жатып, тычнтык сүйлөшүүлөрү башталган учурда эркиндикке чыккан.

2019-жылдын январь айынан бери Катардын борбору Дохадо болуп, америкалыктар менен болгон сүйлөшүүлөрдө талибдердин делегациясын жетектеген. 2020-жылдын 29-февралында АКШнын ошол учурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен тынчтык келишимине кол койгон.

2020-жылдын сентябрь айында АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Катарда болгон жолугушуусу учурунда

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кытайдын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Ван И жана Сергей Лавров менен жолугушкан.

Абдул Гани Барадарды тааныган адамдар иштин маңызы боюнча сөз кылган, чоң мүдөөлөрү бар дипломат катары мүнөздөшөт.

3. Мохаммад Якуб

Хайбатулла Ахундзаданын согуш иштери боюнча орун басары. Молдо Омардын уулу. Учурда 30 жашта.

2016-жылы Ахтар Мансур өлтүрүлгөндөн кийин «Талибандын» лидерлигине каралып, бирок кыймылдын жетекчилиги аны жаш жана тажрыйбасы аз деп эсептеп койгон.

Ал Абдул Гани Барадар менен жакшы мамиледе экени жана кыймылдын (салыштырмалуу) өтө ашынбаган бөлүгүнө кирери айтылат.

4. Сиражуддин Хаккани

1980-жылдары можахеддердин башкы талаа командирлеринин бири болгон атасы Жалалуддин Хаккани каза болгондон кийин «Хаккани тобун» жетектеп, ал менен талибдердин катарына кошулган.

«Хаккани тобу» талибдердин эң уюшумду жана күжүрмөн бөлүгү катары саналат. Ооган аскерлерине, эл аралык коалиция күчтөрүнө, Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзайга кол салып, Кабулдагы мейманкалардын бириндеги жана Индиянын элчилигине болгон террордук иштерди жасаган. Айрым маалыматтар боюнча бул топ Ооганстан менен Пакистандын чек арасын көзөмөлдөйт.

Сиражуддин Хаккани болжол менен 45 жашта. Учурда ал кайсы жакта экени белгисиз.

5. Абдул Хаким

Талибдердин башчысы Хайбатулла Ахундзада менен жашташ жана жакын тарапташы болуп саналат. Эксперттердин божомолу боюнча, алдыда Ооганстандагы шарияттык сот системасын жетектеши мүмкүн.

2020-жылдын сентябрь айынан тарта талибдердин Дохадагы өкүлчүлүгүн жетектеген. Ага чейин Пакистандын Кветта шаарында жашаганы айтылат. Ал жакта негизинен ооганстандыктар окуган медресени жана таасирдүү делген дин ишмерлеринин кеңешин жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM