Биз менен байланышыңыз

Жаштар чемпионаты: Балбан Аркыт Орозбеков коло үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 22 Авг 2021 | 408 | 0

Кыргызстандык балбан Аркыт Орозбеков (97 кг) грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт.

Орозбеков 1/8 финалдагы биринчи кармашында украиналык Юрий Дорохан менен күрөшүп, аны 3:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда орусиялык Алексей Милешинге утулуп калган (0:8). Бирок орусиялык балбан финалга өткөндүктөн, Орозбеков көңүл жубатуучу беттеште күрөшө турган болгон.

Көңүл жубатуучу кармашта ал финляндиялык балбанды 6:4 эсебинде утуп алды. Эми Аркыт Орозбеков коло үчүн беттеште америкалык Брекстон Жеймс Амос менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтүүдө. 16-августта башталган чемпионат 22-августта жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM