Биз менен байланышыңыз

Германия канцлери Ангела Меркель Украинага расмий сапар менен барды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Авг 2021 | 753 | 0

Германиянын канцлери Ангела Меркель бүгүн, 22-августта Украинага бир күндүк расмий сапары менен барды.

Расмий сапардын алкагында Меркель өлкө президенти Владимир Зеленский жана өкмөт башчы Денис Шмыгаль менен жолугушуу өткөрөт.

Зеленский менен Меркелдин сүйлөшүүсү 3 саатка жакын убакытка созулары айтылууда. Анда эки тараптуу алака, Украинадага реформалар, Минск макулдашууларынын аткарылышы ж.б. маселелер талкууланат. Зеленский Меркелге Украинанын мамлекеттик жогорку сыйлыгы – Эркиндик орденин тапшырат.

Жолугушуудан соң Зеленский менен Меркель маалымат жыйын өткөрөт. Андан кийин Германиянын канцлери Денис Шмыгаль менен жолугушат.

Бүгүн кечинде Меркель Берлинге учуп кетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM