Биз менен байланышыңыз

23-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 22 Авг 2021 | 276 | 0

Эртең, 23-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Алай, Чаткал, Суусамыр өрөөндөрүндө, Чычкан капчыгайында жамгыр жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14 … +19, күндүз +29… +34;

Талас облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +27 … +32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22, күндүз +31 … +36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +21 … +26;

Нарын облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +21 … +26 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16 … +18, күндүз +31 … +33 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM