Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык волейболчу кыздар Борбор Азия чемпионатында коло байге утту

Кыска кабар , Спорт | 22 Авг 2021 | 485 | 0

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Борбор Азия чемпионатында коло байге утту. Бул тууралуу Кыргызстандын волейбол федерациясынан билдиришти.

Коло байге үчүн беттеште Кыргызстандын курамасы Тажикстан менен ойноп, аларды 3:0 эсебинде жеңген.

Волейбол боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн эркектер жана кыз-келиндер арасындагы чемпионаты Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүдө. Биринчиликке Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын курамалары катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM