Биз менен байланышыңыз

Москвада басма сөз эркиндигин коргоп пикетке чыккан журналисттер кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Авг 2021 | 913 | 0

Кечээ, 21-августта Москвада журналисттер Федералдык коопсуздук кызматынын алдына айрым ММКлардын «чет элдик агент» деп таанылышына каршы пикетке чыгышты.

20-августта Орусиянын Юстиция министрлиги «Дождь» телеканалын жана «Маанилүү окуялар» медиасын «чет элдик агент» деген тизмеге киргизген.

ММлардын «чет элдик агент» деп таанылышына каршы болгондор «макулдашылбаган массалык иш-чарага» тыюу салган мыйзамды бузбоо үчүн пикетке бирден чыгып жатышты (мыйзамга ылайык 1 киши бийлик органдарына эскертүү бербей каршылык акциясына чыга алат, акцияга чыккандар ортосунда 50 метр аралык сакталышы керек). Пикеттин катышуучулары колдоруна «Өзүңөр чет элдик агентсиңер», «Маанилүү окуялар өздөрү өзү тууралу айтып бербейт», «Журналистикага эркиндик», «Силер чындыктан коркосуңар» жана башка жазуулар жазылган кагаздарды көтөрүп чыгышты.

Алгач пикетке «Медиазонанын» журналисти Александр Горохов чыккан. Полиция кызматкерлери аны дароо кармап кетип, бирок бир нече мүнөттөн кийин колундагы кагазын берип, кое беришкен. Андан кийин алар бир саат аралыгында пикетке чыккандарга тоскоолдук кылган эмес: болгону алардын паспорттогу маалыматтарын жазып алып, пикет жалгыз-жалгыздан өтүшү керектигин эскертип турушту.

Андан соң полиция пикетке чыккан эки журналистти «50 метр аралыкты сактабаганы» үчүн кармады. Каршылык акциясына катышкан кийинки адамдар да «жанына киши чогултуп жатат» деген жүйө менен кармалып жатты.

Пикеттер өтүп жаткан учурда Орусиядагы бийликчил кыймылдардын биринин 10го жакын активисти келип, «Орусия полициясына даңк» деп кыркыйып чыкканы менен полиция аларга эч кандай тоскоолдук кылган эмес.

Эскерте кетсек, Орусияда «чет элдик агенттер тууралуу» мыйзам иштеп келет. Ага сырттан каржыланган уюмдардан тышкары, бир катар ММК жана журналисттер кирген. Тизмеге кирген ММК Юстиция министрлигине каржысы тууралуу отчет бериши керек. Ошондой эле алар макала-жаңылыктарын чыгарууда «чет элдик агент» экенин көрсөтүшү зарыл. Мындан улам аларга жарнама бергендер азайып, жабылууга же кызматкерлеринин айлыгын азайтууга аргасыз болгондору бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM