Connect with us

Коронавирус 244 адамдан табылды, оорудан 3 миң 704 киши дарыланууда

Кыска кабар | 22 Авг 2021 | 655 | 0

Бүгүн, 22-августка карата 244 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 137, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 45, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 12 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 448 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 6 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 405 адам, ал эми амбулатордук түрдө 2 миң 299 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 173 миң 920 учур катталды. Анын ичинен 166 миң 308 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 484 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM