Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 242 адамдын оору жугузганы аныкталып, 5 адам каза болду

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 442 | 0

20-августка карата бир сутка ичинде 242 адамдын коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталды. Илдетке чалдыккандардын 81и Бишкек шаарынан, 8и Ош шаарынан, 71и Чүй облусунан, 12си Ош облусунан, 11и Талас облусунан, 11и Нарын облусунан, 24ү Ысык-Көл облусунан, 9у Жалал-Абад облусунан, 15и Баткен облусунан катталган.

Ошол эле учурда акыркы суткага карата 526 бейтап айыгып чыкты.

Ал эми өлкө боюнча 5 адам COVID-19 илдетинен көз жумду.

Учурда стационарларда 1577 бейтап, амбулатордук түрдө 2594 бейтап дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 173 миң 428 адам коронавирус инфекциясына чалдыккан. Анын ичинен 165 миң 368 бейтап илдетти жеңип чыгып, 2 миң 473 адам оорудан каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM