Биз менен байланышыңыз

Динара Кутманова «Центерранын» «Кумтөр» боюнча максатын айтты

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 462 | 0

Нью-Йорк соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясын банкрот деп тааныса, кендин ишин токтотуп турууга туура келет. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча комитеттин төрайымы Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, учурда «Кумтөр» боюнча эки соттук териштирүү жүрүүдө. Алардын бири боюнча Нью-Йорк соту «Центерра Голддун» «Кумтөрдү» камакка алуу өтүнүчүн четке каккан.

Учурда Нью-Йорктогу сот «Центерранын» банкрот деп таануу тууралуу доо арызы боюнча чечим чыгарары күтүлүүдө. Соттук отурум 17-августта өтмөк, бирок ал башка убакытка жылдырылган.

«Центерра Голд» биздин өлкөдө катталган «Кумтөр Голд Компани» компаниясын банкрот деп таанылышын суранууда. Эгер ал маселе «Центерранын» пайдасына чечилсе, «Кумтөрдөгү» ишти токтотуп турууга туура келет. Банкроттуулук боюнча сот аяктамайынча «Кумтөр Голд Компанинин» иши боюнча башка соттук чечимдер күчүнө кирбей турат. Маселен, учурда соттун 260 млрд сом боюнча чечими токтотулуп турат. Бардык чечимдер токтотулган. «Центерра Голд»  ар кандай жол менен тоскоолдук кылууда», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM