Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Молдокматов №47 абакка которулду

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 313 | 0

Былтыркы октябрь окуяларына байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматов №47 абакка которулду. Бул тууралуу «Туран» партиясы билдирди.

Маалым болгондой, анын абактан которулуусуна ден соолугунун начарлап кеткени себеп болгон.

«Буга чейин доктурлар абалы менен таанышып, тез аранын ичинде дарыланышы керек деген бүтүм чыгарган», — деп билдирет партия.

Белгилей кетсек, Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу кармалып, камакка алынган.

Ал өзүнүн ишин акыйкат каралышын талап кылып, 26-июлдан 5-августка чейин 10 күндөн ашык ачкачылык кармаган.

Молдокматов медициналык текшерүүдөн өткөндө дарыгерлер анын ден соолугу начарлап кеткенин билдиришкен.

Жеңиш Молдокматов камакка алынганга чейин азыркы бийликтин иш-аракеттерин катуу сынга алып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM