Биз менен байланышыңыз

Жаш балбан Айжан Сабырбек кызы Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 19 Авг 2021 | 452 | 0

Кыргызстандык балбан Айжан Сабырбек кызы (53 кг) кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

Айжан Сабырбек кызы Дүйнө чемпионатындагы күрөшүн квалификациялык раунддан баштаган. Биринчи беттешинде ал беларусь балбаны Александра Булаваны 8:2 эсебинде жеңген. Андан кийин чейрек финалда монголиялык Отгонтуя Чинболдду 5:4 эсебинде уткан.

Жарым финалда молдовалык Михаэла Самоил менен күрөшүп, атаандашы кыргызстандык балбан кызды далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Эскерте кетсек, бүгүн 55 килограмм салмакта балбан кыз Калмира Билимбек кызы алтын үчүн күрөшөт.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтүүдө. 16-августта башталган чемпионат 22-августта жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM