Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыяларды рубль менен да бере баштайт

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 306 | 0

Бүгүн, 19-августта Чолпон-Атада өткөн кыргыз-орус бизнес форумунда 13 макулдашуу жана меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, «Орусиялык экспорттук борбор» АКсы, Евразия өнүктүрүү банкы, «Росэксимбанк» АКсы, «Банктар бирикмеси» жана «Текстиль-Транс» ЖЧКсы менен макулдашууга кол коюлган.

«Макулдашууларга ылайык пайыздык ченди төмөндөтүү, рубль менен каржылоо, 2018-жылы Евразия өнүктүрүү банкы Фонд үчүн ачкан 50 млн долларлык кредиттик линия боюнча насыялоо мөөнөтүн узартуу пландалууда», — деди ал.

Ал белгилегендей, фонд «Текстиль-Транс» ЖЧКсынын жаңы чыккан облигацияларын сатып алууну көздөөдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM