Connect with us

20-августтан тарта эгемендиктин 30 жылдыгына арналган иш-чаралар башталат

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 353 | 0

Эртең, 20-августтан тарта Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата ири иш-чаралар башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирип, иш-чаралардын тизмесин жарыялады.

План-программага ылайык, иш-чаралар төмөнкүдөй тартипте өтөт:

  • 20-август саат 10:00дөн тарта Барпы атындагы Жалал- Абад облустук драма театрында «Алтын өрөөн» кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы;
  • 21-август саат 10:00дөн тарта Каракол шаарынын Борбордук аянтында Эгемендиктин 30 жылдыгына, Жусуп Абдрахмановдун, Касым Тыныстановдун, Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара;
  • 23-25-август саат 12:00дөн тарта Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы эс алуу багында «Шырдак» жана «Оймо» фестивалдары;
  • 24-25-август саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз-Казак өнөрпоздорунун «Сармерден» эл аралык теледолбоору;
  • 26-август саат 18:00дө Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында режиссёр Артык Сүйүндүков тарткан «Шамбала» көркөм тасмасынын улуттук бет ачары;
  • 27-август саат 10:00дөн тарта Бишкек шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтында «Кыргызстан — менин Мекеним!» аттуу этностор аралык Достук фестивалы;
  • 29-август саат 20:00дө Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук комплексинде «Урааным Манас!» аттуу театрлаштырылган салтанат;
  • 30-31-август саат 19:00дө Бишкек шаарындагы  Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти;
  • 30-31-август саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эгемендиктин 30 жылдыгына, Жеңижоктун 160 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган кыргыз-казак акындарынын айтышы;
  • 23-31-август аралыгында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Көк бөрү командаларынын Президенттин Кубогу үчүн болгон республикалык мелдеши — Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган улуттук ат оюндары;
  • 31-августта Улуттук ат оюндарынын финалдык беттештери болот.

Булардан тышкары 31-августта Ош облусунун Борбордук аянтында, Баткен шаарынын Борбордук стадионунда, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган чоң масштабдагы салтанат уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM