Токтогул шаарынын мэриясы бала бакча куруу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы сайтына жазды.
75 орундуу бала бакчанын курулуш капиталы 30 млн сом деп бекитилди. Имарат 2021-2022-жылдар аралыгында бүткөрүлүүгө тийиш.
Тендер бүгүн, 19-августта жарыяланды. Арыздар 9-сентябрга чейин кабыл алынат.