Биз менен байланышыңыз

Жапаров орус тилинин Кыргызстандагы орду тууралуу сөз кылды

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 508 | 0

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Чолпон-Атада өтүп жаткан III кыргыз-орус бизнес форумунда орус тилинин Кыргызстандагы орду тууралуу сөз кылды.

Ал билдиргендей, Кыргызстанда Орусияга, анын тарыхына жана тилине дайыма сый-урмат менен мамиле жасалып келген.

«Маселен, орус тили дайыма алдыңкы тилдердин бири бойдон калып келген. Учурда Конституцияга ылайык ал расмий тил болуп саналат. Кыргызстанда конуштардын орусча аталыштары, орус акындарынын, саякатчыларынын, коомдук ишмерлеринин эстеликтери калтырылды. Башкысы биз Улуу Ата Мекендик согушта каза болгондорго арналып тургузулган эстеликтерди сактап калдык», — деди ал.

Ал Кыргызстанда дээрлик ар бир жаран орус тилинде сүйлөй аларын белгиледи.

Аны менен бирге Жапаров мамлекеттик ишмер, саясатчы катары калыптанышы орус тили жана Орусия менен байланыштуу экенин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM