Биз менен байланышыңыз

Жапаров ЕАЭБ ичинде доллардан баш тартууну сунуштады

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 1438 | 0

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров ЕАЭБ алкагында соода байланышта доллардан баш тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал Чолпон-Атада өтүп жаткан III кыргыз-орус бизнес форумунда айтты.

«Кыргызстан менен Орусияга котормочунун кереги жок. Анда эмнеге соодада доллар түрүндөгү котормочу чыгууда? Биз мунун Орусиядан көптөн бери суранып келебиз», — деди ал.

Белгилей кетсек, форум «ЕАЭБдеги бизнес өнөктөштүк үчүн жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» деген аталышта өтүүдө. Анда туризм, биргелешип чакан ГЭС, логистика, каржы технологиялары тармактарын өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM