Биз менен байланышыңыз

Казандагы кинофестиваль Айтматов тууралуу даректүү тасма менен ачылат

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 178 | 0

Казандагы (Татарстан) мусулман тасмаларынын эл аралык кинофестивалы Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча тартылган даректүү тасма менен ачылат. Бул тууралуу кинофестивалдын сайтында айтылат.

Даректүү тасма «Чыңгыз Айтматов. Күндөр жана кылымдар» деп аталып, аны орусиялык режиссер Григорий Нахапетов тарткан.

Фестиваль 5-10-сентябрь күндөрү өтөт. Анда Орусия, Франция, Испания, Кытай, Бельгия, Япония, Катар, Болгария, Алжир, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка мамлекеттердин тасмалары көрсөтүлөт.

Кинофестивалга Кыргызстандын атынан Айпери Усманованын «Кыз бала» жана Лунара Жээнбекованын «Тогуздан кийинки эгиз» (кыска метраждуу), Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала», Эмил Атагелдиевдин «Көл» (толук метраждуу) тасмалары катышат.

Режиссер Григорий Нахапетов

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM