Биз менен байланышыңыз

Ашраф Гани видеокайрылуу жасап, Ооганстанга кайтып барарын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 1892 | 0

Ооганстандан качып кеткен өлкө президенти Ашраф Гани видеокайрылуу жасап, жакынкы мезгилдерде мекенине кайтып барарын билдирди.

Анын айтымында, учурда Бириккен Араб Эмираттарында жүрөт.

«Жакынкы мезгилдерде өлкөгө кайтып барам», — деген ал.

Ал «Ашраф Гани чет өлкөгө чыгып бара жатып кулач толо акча ала кеткен» деген сөздөрдү төгүндөгөн. Ошондой эле талибдер Кабулду ээлеген күнү кандай окуялар болгонун кийинчерээк айтып берерин белгилеген.

Белгилей кетсек, Ашраф Гани «Талибан» кыймылы Кабулду ээлеген күнү – 15-августта өлкөдөн чыгып кеткен. Анын өлкөдөн чыгып баратып, 169 млн доллар ала кеткенин айтып чыгышкан. Ашраф Гани чет өлкөгө кетишинин себебин «кан төгүлүүнү» каалабаганы менен түшүндүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM