Биз менен байланышыңыз

Нарын: Ат-Башы районунда жол кырсыктан бир адам каза болду

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 239 | 0

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Айтылган жолдун 407-чакырымында (Ат-Башы району) «Ford Mondeo» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Унаа оодарылып түшүп, ичинде бараткан 1986-жылы туулган бир жигит каза таап, дагы эки жигит оор жаракат алган.

Жерине барган ӨКМдин Ат-Башы райондук бөлүмүнүн 5 куткаруучусу өлгөн жигиттин сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми жаракат алган жарандар Ат-Башы райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM