Биз менен байланышыңыз

Жапаров Ысык-Көлгө 3 күндүк иш сапар менен барат

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 661 | 0

Президент Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумуна байланыштуу иш-чараларга катышат. Анда Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушуп, Биримдиктин алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.

Андан кийин Ысык-Көл облусу боюнча иш сапары башталат. Эгемендиктин 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышып, өндүрүш жана өнөр жай менен таанышат.

Белгилей кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM