Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оору 249 адамдан табылып, 6 киши каза болду

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 186 | 0

Бүгүн, 19-августка карата 249 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 84, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 77, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 13, Нарын облусунда — 12, Ысык-Көл облусунда — 26, Жалал-Абад облусунда — 15, Баткен облусунда — 16 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 498 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 6 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 744 адам, ал эми амбулатордук түрдө 2 миң 714 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 173 миң 186 учур катталды. Анын ичинен 164 миң 842 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 468 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM